Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 3
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн КБФ нын суулуу жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн КБФ нын суулуу жерлерин ижарага берүү боюнча айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн КБФ нын суулуу жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукциондун негизинде кайрадан арыз менен кайрылган жарандарга 0.20 га дан бөлүштүрүлсүн.
2. Баштапкы ижара акы бир сотыхка 60 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн КБФ нын суулуу жерлеринин ижара берүү боюнча газетага жарыя берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Маркаевге
милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Артыкбаев |
|
|