Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 6
Суу-Башы айыл өкмөтүндө мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-статьясынын 3 болумунун жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизуу жонундогу” 17-октябрь 2018-жылдын №231 мыйзамынын 3 болумунун негизинде Суу-Башы айыл окмотунун салык жана жыйымдар боюнча адиси К. Акмталиевдин билдируусун угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-январынан Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү салыктар ишке киргизилсин:
-Мүлк салыгы 1,2,3,4 топтогу
-Бардык жер салыгы .
-Ыктыярдуу жана милдеттуу түрдөгү патенттерди киргизүү
2. Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2014-жылдын 23-июнундагы № 413 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун негизинде ишке ашырылсын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кенештин алдындагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Артыкбаев |
|
|