Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 7
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында айыл-чарба багытында эмес жерлерге зоналдык коэффициент салыгын киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында айыл-чарба багытында эмес жерлерге зоналдык коэффициент салыгын киргизүүбоюнча Суу-Башы айыл окмотунун салык жана жыйымдар боюнча адиси К. Акмталиевдин билдируусун угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында айыл-чарба багытында эмес жерлерге зоналдык коэффициенти КЗ 1.0 өлчөмүндө киргизилсин.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды өз убагында жыйноону уюштуруу,пландарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кенештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Артыкбаев |
|
|