Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 8
Суу-Башы айыл өкмөтүндө таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдын нормасын белгилөө жөнүндө
Суу-Башы айыл окмотунун аймагында таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдын нормасын белгилоо боюнча Суу-Башы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү бир түтүнгө 30 сомдон кабыл алынсын.
2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан ишканаларда эмгектенген ар бир кызматкерге таштанды ташып чыгаруу жыйымдын өлчөмү 100 сомдон кабыл алынсын.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине нормативдик актылардын мамлекеттик тизмесине каттоо үчүн жиберет.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды өз убагында жыйноону уюштуруу,пландарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнү н башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кенештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Артыкбаев |
|
|