Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 10
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2019-жылга акы төлөө өлчөмдөрүн бекитуу жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы Г.Караматовдун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2019-жылга акы төлөө өлчөмдөрү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөө өлчөмдөрү төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
-Ийри муйуздуу малга бир баш үчүн- 120 сом
-Музоо бир баш учун- 60 сом
-Кой-эчкилер бир баш учун- 24 сом
-Козу,улактар бир баш учун- 12 сом
-жылкылар бир баш учун- 150 сом
-башка айыл өкмөтүнөн келген малдарга бир баш учун- 2эсе 10 кундон ашкандан кийин мыйзам негизинде толугу менен төлөнсүн.
-Жайытка көчүп чыккан бир үй-бүлөгө түтүн акчасы. кургаган отунга бир кубка- 500 сом.
-Жайыт акысы өз убагында төлөнбөсө токтомдун негизинде ийри мүйүздүү малдын ар бир башына 100 сомдон,ал эми майда малдын ар бир башына 20 сомдон айып пул салынсын.
2. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине 2019-жылга жайыт пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны өз учурунда жыйнап,аны максаттуу жана мыйзам чегинде пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Артыкбаев |
|
|