Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 4
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2019-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2019-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы көңүлгө алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |
|
|