Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 6
“Дара-Суусу” ИСКАКБсынын 2018-жылга аткарган иштери жана 2019-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ИСКАКБсынын 2018-жылга аткарган иштери жана 2019-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө А.Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара-Суусу” ИСКАКБсынын 2018-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 676540 (алты жүз жетимиш алты миң беш жүз кырк) сом, чыгаша бөлүгү 831640 (сегиз жүз отуз бир миң алты жүз кырк) сомго бекитилсин.
2. Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сом болуп белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20%, планга жетпесе 15% берилсин.
3. “Дара-Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
4. Таз-Суу линиясын үйүнөн чыгаруу үчүн уруксат алууга кеткен чыгым 20000 (жыйырма миң) сом өз эсебинен төлөнсүн жана айына 300 (үч жүз) сом болуп белгиленсин.
5. Өз алдынча уруксатсыз үйүнө таз-суу киргизип алган жарандарга 5000 (беш миң) сом, ал эми электр насосу менен өзүнүн кампасына суу толтуруп пайдалангандарга 20000 (жыйырма миң) сом айып пул салынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |
|
|