Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 7
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын 2018-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 496600 (төрт жүз токсон алты миң алты жүз) сом, чыгаша бөлүгү 496600 (төрт жүз токсон алты миң алты жүз) сомго бекитилсин.
2. Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20% берилсин.
3. “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
4. Таз-Суу линиясын үйүнөн чыгаруу үчүн уруксат алууга кеткен чыгым 20000 (жыйырма миң) сом өз эсебинен төлөнсүн жана айына 300 (үч жүз) сом болуп белгиленсин.
5. Өз алдынча уруксатсыз үйүнө таз-суу киргизип алган жарандарга 10000 (он миң) сом айып пул салынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |
|
|