Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 8
“Зардалек-Баткен” СПАсынын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
“Зардалек-Баткен” СПАсынын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө Д.Камаловдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы “Зардалек-Баткен” СПАсынын 2018-жылга аткарылган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 2200000 (эки миллион эки жүз миң ) сом, чыгаша бөлүгү 2200000 (эки миллион эки жүз миң ) сомго бекитилсин.
2. Там арка үчүн сугат сууга Чек айылына 100 (жүз) сом, Жаңы-Жер айылына 60 (алтымыш) сом болуп белгиленсин.
3. Дара айыл аймагындагы сугат суунун жыйымын ишке ашыруу максатында жыйналган акча каражатынын 20% мурабдарга берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |
|
|