Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 9
“Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызын төлөө жөнүндө
“Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызын төлөө жөнүндө Д.Камаловдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы “Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызын төлөө мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууга макулдук берилсин.
2. 2020-жылга “Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызынын 200000 (эки жүз миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. “Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызын төлөө боюнча иш жүргүзүү жагы Д.Камаловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |
|
|