Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 10
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын, жайыт акы жана инвестициялык планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2019-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 169400 (бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз ) сомго жана иш-планы бекитилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 100сом, музоого 70сом, жылкыга 120сом, кой-эчкиге 20 сом, дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 50сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га-25 сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |
|
|