Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 12
Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) мөөнөтү аяктаган жерлерге аукцион жарыялоого макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) мөөнөтү аяктаган жерлерди аукционго жарыялоо боюнча даярдалган маалыматы угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы ижарага берилген айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) 96-контурундагы 91, 96, 113, 88 сугат жерлер жана 164-контурундагы көп жылдык жер аянттарынын ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукцион аркылуу ижарага берилсин.
2. Дара айыл аймагындагы №96-контурундагы 2,2 га жер жана №406-контурундагы 1га жер аянты айыл аймагындагы турмуш шарты оор жарандарга ижарага иштетүүгө берилсин.
3. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |
|
|