Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 13
Кан айылына маданият үйүн ачууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагына караштуу Кан айылына маданият үйүн ачуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагына караштуу Кан айылындагы З.Ормонов орто мектебинин эски имаратына маданият үйүн ачууга макулдук берилсин.
2. Маданият үйүн ачуу, уюштуруу жана штаттык бирдигин чечүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |
|
|