Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 14
Чек айылынын борбордук көчөсүнүн 2км жолун КР транспорт министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын борбордук көчөсүнүн 2км жолун КР транспорт министрлигинин балансына өткөрүп берүү боюнча билдирүүнү угуп, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын борбордук көчөсүнүн 2км жолун КР транспорт министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |
|
|