Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 16
Жаңы-Жер айылына курулуучу логистикалык борборго баруучу жолго көпүрө куруу жөнүндө
Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылына курулуучу логистикалык борборго баруучу жолго көпүрө куруу боюнча сунушту угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылына курулуучу логистикалык борборго баруучу жолго көпүрө курууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |
|
|