Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 17
Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылынын тургуну У.Имаралиевага материалдык жардам берүү жөнүндө
Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы М.Шадыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылынын тургуну Имаралиева Уркуяга 50000 (элүү миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон акча каражатын тактап, бөлүнгөн акча каражатына ылайык курулуш материалдарын алып берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |
|
|