Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 23/4
Авлетим айылдык кеңешинин 2019-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Авлетим айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин(иш план 2 баракта тиркелет).
2. Иш планды аткаруу боюнча айылдык кеңештин регламентине ылайык иштиктүү чараларды көрүү айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына ( А.Мырзамамытова, А.Төлөбаев , К. Тургуналиев, К.Жолдошов ) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Абдиевге жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
Айылдык кеңештин №23/4
22.01.2019-жылдагы
токтомуна тиркеме
Авлетим айылдык Кеңешинин 2019-жылга иш планы
Сессияда каралуучу маселелер.
Биринчи квартал үчүн
февраль 2019-жыл
Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун 2018-жылда жүргүзгөн иш аракеттери боюнча отчету жөнүндө. Маселени айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары даярдайт.
Авлетим жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Д.Атеновдун 2018-жылда жүргүзгөн иштери тууралуу отчету жөнүндө.
Маселени айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссия ( Төлөбаев) даярдайт.
Экинчи квартал үчүн
апрель 2019-жыл
Айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын биринчи курултайынын чечимдерин аткаруу боюнча айылдык аймактагы соодо жүргүзүүчү дүкөндөрдүн жана күркөлөрдүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Маселени «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссия( А.Мырзамамытова) даярдайт.
Үчүнчү квартал үчүн
сентябрь 2019-жыл
Авлетим айылдык маданият үйүнүн айыл аймагындагы калкты маданий жактан тейлөө боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Маселени «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссия( А.Мырзамамытова) даярдайт.
Төртүнчү квартал үчүн
ноябрь 2019-жыл
Айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн үлүштүк жерлеринин пайдаланышынын абалы жөнүндө.
Маселени «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
( А.Төлөбаев) даярдайт.
Уюштуруу маселелери.
Депутаттардын өз шайлоочулары менен жолугушууларын уюштуруу 2019-жылдын январь жана декабрь айларында. Жооптуулар: Айыл башчылар жана жооптуу катчы У.Барпиев.
Депутаттардын айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүүчү жыйындарга жана коомдук угуулардын чогулуштарына катышууларын камсыз кылуу. Айыл өкмөтүнүн түзгөн графигине ылайык. Жооптуулар: төраганын орун басары А.С.Абдиев, айыл башчылар.
Даталуу жана майрамдык күндөргө карата өткөрүлүүчү салтанаттуу иш чараларга айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусун уюштуруу. Иш чаралардын өткөрүлүшүнө жараша. Жоптуу: А.С.Абдиев.
Туруктуу комиссиялардын талаптагыдай иштешин уюштуруу жана камсыз кылуу.Иш планга ылайык. Жооптуу: А.С.Абдиев, У.И.Барпиев.
Айылдык кеңештин сессияларын иш планга ылайык жана кезексиз сессияларын зарылдыгына жараша өткөрүүнү камсыз кылуу. Жооптуу А.Т.Шырдаков.
Иш план айылдык кеңештин 2019-жылдын 22-январындагы
23-сессиясында (кезексиз өткөрүлгөн) №23/4 токтому менен
бекитилди.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|