Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 23/ 5
Көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 21-январындагы корутундусуна жана айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-январындагы №15 жана №16 сандуу сунуштарына ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Итагар айылынын жашоочусу Кадыров Уланбек Нурмаматовичтин үйүнөн кайрылган жерден Момунбеков Сейитбектин үйүнүн тушуна чейинки аралыктагы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Момунов Абастын ысымы ыйгарылсын жана бул көчө «Момунов Абас көчөсү» деп аталсын.
2. Авлетим айыл аймагынын Мукур айылындагы Кадыров Маматжандын үйүнөн чыгыш тарапты карай кеткен жана Дубанаев Ильястын үйүнө чейинки аралыктагы туюк көчөгө маркум Орозов Сагын Төрөбековичтин ысымы ыйгарылсын жана бул көчө «Орозов Сагын көчөсү» деп аталсын.
3. Авлетим айыл аймагынын Мукур айылындагы Кадыров Алмаздын үйүнөн батышты карай кеткен көчөнүн Мамбеталиев Нуркыяздын үйүнө чейинки аралыгына эмгек ардагери, маркум Курбанбаев Сатымбайдын ысымы ыйгарылсын жана бул көчө «Курбанбаев Сатымбай көчөсү» деп аталсын.
4. Бул тиешелүү ысымдар ыйгарылган көчөлөргө көрөнөктү тургузуу жана үйлөргө даректүү номерлерди берүү айыл өкмөтүнө (Н.Абдыраманов) милдеттендирилсин.
5. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №160 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу маселесин кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 23.11.2017-жылдагы №1-11/3666 сандагы катынын негизинде 2020-жылдан тартып аткарууга алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
7. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтом w.w.w avletim. Aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.О) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|