Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №23/6
Жергиликтүү жамааттын экинчи курултайын чакыруу жөнүндө
Авлетим айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 12.1 жанан 12.5 беренелеринин негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 18-19-февраль күндөрүнүн биринде Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын экинчи курултайы чакырылсын.
2. Курултайдын күн тартибине төмөндөгү маселе киргизилсин:- Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү тарабынан аткарылууга тийиш болгон диний ырым-жырымдарды жөнгө салуу жана ысырапкорчулукка жол бербөө чараларын көрүү жөнүндө.
3. Курултайдын күн тартибиндеги маселе боюнча доклад – маалымдаманы даярдап, аны курултайда окуу Айылдык ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Жумабековго милдеттендирилсин.
4. Курултайды даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айылдык кеңештин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мырзамамытова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|