Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №23/8
Ардактуу жаран наамын ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 21-январындагы отурумунун, айыл өкмөттүн 2019-жылдын 19-январындагы №14 сандуу сунушун карап жактырган корутундусуна ылайык сессия,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын социалдык жана маданий өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн төмөндөгү жарандарга «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын:
Асаналиев Досмат – айыл өкмөтүнүн материалдык эсепчиси.
Абдиев Амангелди Садыралиевич – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.
Мамытов Мунарбек Жанышович – айыл өкмөтүнүн салык жыйноочу инспектору.
2. «Мукур айылынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
Калматов Кубанычбек Апсаматович – айылдык кеңештин депутаты.
Шарипов Түрсүнбек Сманович – айылдык кеңештин депутаты.
3. «Итагар айылынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгү жаранга ыйгарылсын:
Чынасылов Абдыразак Орунбекович – айылдык кеңештин депутаты.
4. «Коргон айылынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгү жаранга ыйгарылсын:
Сатыбалдиев Муратбек Меңдалиевич – айылдык кеңештин депутаты.
5. «Ардактуу жаран» наамдары ыйгарылган жарандарга тастыктоочу күбөлүк-баракчаны жана башка тиешелүү белгилерди тапшыруу айыл өкмөтүнүн башчысына(Н. Абдыраманов)милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|