Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №23/11
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетитинин Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Авлетим айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эмгек келишимди бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж.№715 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетитинин Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Авлетим айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эмгек келишими бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн шарттарды мыйзам чегинде аткаруу жагы тараптарга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом w.w.w avletim. Aksy.kg. сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|