Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 23/12
Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражат кароо жөнүндө
Авлетим айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 18-беренесин ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттин чамасы жок экендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин 2-пункту, Бюджеттик Кодексинин 51-беренесинин 2-пунктуна жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 20-беренесинин 3-пункту ушул эле берененин 6-пункттун 15-подпунктунда көрсөтүлгөндөй жылуулук менен камсыздоо үчүн айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелерин кышка даярдык көрүү максатында кошумча акча каражаты менен камсыздоо Аксы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтом Www.avletim.aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | А. Шырдаков |