Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIX- сессиясы
2019-жылдын 25-июну № 39/1
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылына жаны салынып жаткан мектепке Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV-V-VI чакырылышынын депутаты Кочкор райондук кошмо жыйындар президиумунун төрагасы маркум Курткаев Таалайбек Исмаиловичтин ысымын ыйгаруу боюнча элдик жыйындын протоколун талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылына жаны салынып жаткан мектепке Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV-V-VI чакырылышынын депутаты Кочкор райондук кошмо жыйындар президиумунун төрагасы маркум Курткаев Таалайбек Исмаиловичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылына жаны салынып жаткан мектепке Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV-V-VI чакырылышынын депутаты Кочкор райондук кошмо жыйындар президиумунун төрагасы маркум Курткаев Таалайбек Исмаиловичтин ысымы ыйгарууда тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Орток айылынын тургуну Р. Салбаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жумабеков |