Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №24/1
Авлетим, Кызыл-Туу, Кара-Суу, Кара-Жыгач жана Жаңы-Жол айыл өкмөттөрү менен биргеликте «калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо боюнча» муниципалдык биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин 4 жана 5-пункттарынын талаптарына ылайык жана айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-мартындагы №119 сандуу кайрылуусун эске алып, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө райондун башка айыл өкмөттөрү менен өз ара макулдашуу аркылуу «калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо боюнча» муниципалдык биргелешкен ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган максаттагы муниципалдык биргелешкен ишкананы түзүү үчүн уюштуруучу өкүл (учредитель) катары Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыраманов Нурмырза Абасович көрсөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча комиссиясына (Жолдошов. К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|