Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №24/2
Авлетим айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын 2019-жылдын 27-мартында өткөн экинчи курултайынын «Диний ырым-жырымдарды жөнгө салуу жана ысырапкорчулукту чектөө» жөнүндөгү №2/1 токтомун жактыруу жөнүндө
Авлетим айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 12.3-беренесинин негизинде жана Авлетим айылдык Кеңешинин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы протоколунун корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын 2019- жылдын 27-мартында өткөн экинчи курултайынын «Диний ырым-жырымдарды жөнгө салуу жана ысырапкорчулукту чектөө» жөнүндөгү №2/1 токтому жактырылсын.
2. Авлетим айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын 2019- жылдын 27-мартында өткөн экинчи курултайынын «Диний ырым-жырымдарды жөнгө салуу жана ысырапкорчулукту чектөө» жөнүндөгү №2/1 токтомун жүзөгө ашыруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.Ө ) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|