Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №24/3
Ардактуу жаран» наамдарын ыйгаруу жана «Ардак грамота» менен сыйлоо жөнүндө
Авлетим айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесине жана айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык аймагынын «Ардактуу жаран» наамдары төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын;
Чилетов Алимамат Сооронбаевич – ВУС инспектору; «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны».
Атенов Жусупбек Добулбекович – Жайыт комитетинин төрагасы; «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны»
Шайдиев Үкүбай Анарбаевич – Молдобагыш орто мектебинин директору;
«Товар-Сай, Тегирмен-Сай жана Байгашка-Терек айылдарынын ардактуу жараны».
Турдалиев Замирбек Балтабаевич –Коргон айылынын айыл башчысы; «Коргон айылынын ардактуу жараны».
2. Тиешесине жараша «Ардактуу жаран» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаларды жана «Ардактуу жаран» деген жазуусу бар тасмаларды даярдап, наам ыйгарылган жарандарга тапшырууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетинин эсепчиси Козугулов Шайырбек Аманович айылдык Кеңештин «Ардак грамотасы» менен сыйлансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|