Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №24/ 4
Айылдык аймактын «Мукур айылында №24 «Эдельвейс» мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу жөнүндө
Авлетим айыл өкмөтүнүн Мукур айылында №24 «Эдельвейс» мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу тууралуу 2019-жылдын 29-мартындагы №132 сандуу сунуш катына жана бул сунуш катты колдоого алган айылдык кеңештин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Мукур айылында №24 «Эдельвейс» мектепке чейинки билим берүү уюму ачылсын.
2. Аталган мектепке чейинки билим берүү уюмунун уюштуруу маселелерин чечүү Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом w.w.w avletim. Aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мырзамамытова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|