Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели №25/1
Авлетим айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылда аткарылган иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун отчету жөнүндө
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун 2018-жылда ал жетектеген айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчеттук баяндамасын угуп, сессия төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Айыл өкмөтү өзүнүн аппарат кызматкерлери жана айылдардын айыл башчылары менен биргеликте айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынынын планын аткарууда бир топ иштер жүргүзүлгөн.
Айрыкча сырттан инвестиция тартуу боюнча жакшы иштер жүргүзүлгөн. Алсак, эки бала бакчаны ишке киргизүү, айылдын ички көпүрөлөрүн оңдоо, суу жээктерин бекемдөө, айылдын көчөлөрүн жарыктандыруу сыяктуу иштерди аткарууга жеткиликтүү көңүл бурулган.
Ичүүчү сууларды айрым айылдарга тартууда жана Дейрес айылын ичүүчү таза суу менен камсыздоодо мамлекеттик планга киргизүү аракеттерин жүзөгө ашырган. Ушундай эле Коргон айылына мектеп, бала бакча куруу боюнча даярдык иштерин жүргүзгөндүгүн баса белгилөөгө болот. Бирок, аткарылган иштер менен катар, жергиликтүү маанидеги маселелерди ырааттуу ишке ашырууда бир катар кемчиликтерге жол берилгендигин сессия белгилейт.
Муниципалдык менчикти башкарууга жеткиликтүү көңүл бурулбай келет. Бул маселе атайын маселе катары 2017-жылдын декабрь айында сессияда каралган менен, анын чечимдери аткарылбай жатат.
Жарандардын үлүш жерлеринин документтерин тактап, күбөлүктөрдү алуу маселесине да жеткиликтүү көңүл бурулбай жатат. Турмуш-тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу маселеси жеткиликтүү деңгээлде колго алынбай келүүдө.
Жарандардын бир тобунун короо-жайлары чектеринен чыгып, ирээттүүлүктү бузуп турган фактылар бир топ, аны ырааттуу чечүү иши каралбай келүүдө.
Атуулдардын айрымдары өз ара келишпестикке келген учурларда гана каралууда. Мукур айылынын Чотон-Ооздогу жайгашкан мүрзө аянты толуп калган абалда. Бул боюнча адамдардын кайрылуулары жоопсуз калууда. Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун айылдык Кеңештин кабыл алган айрым токтомдорун аткарууга жеткиликтүү маани бербей келет. Жогорудагыларды угуп жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын корутундусунун негизинде талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылда жүргүзүлгөн иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун отчеттук баяндамасы көңүлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун 2018-жылда жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
3. Орун алып келе жаткан кемчиликтерди, жогоруда айрыкча жергиликтүү маанидеги маселелерди ырааттуу чечүүгө иштиктүү аракеттерди көрүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Кемчиликтерди жоюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматты жыл жарымынын жыйынтыгы боюнча берилүүчү отчетто чагылдырып айылдык кеңешке маалымат берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.С.Абдиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|