Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели 25/5
№2 Итагар шайлоо округунан шайланган депутат Жолдош уулу Кыяздын депуттаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пуктунун 2 жана 2-1 подпункттарына ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “№2 Итагар шайлоо округунан шайланган Авлетим айылдык Кеңешинин депутаты Жолдош уулу Кыяздын 2019-жылдын 25-мартындагы депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү жазган арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Итагар шайлоо округунан кезекте турган талапкерди көрсөтүп берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтом w.w.w avletim. Aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов. К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|