Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 25/6
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 04-апрелиндеги №133 сандуу сунушуна жана айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 04.04.2019-жылдагы корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Мукур айылынын тургуну эмгектин ардагери Бөрүбаев Акмадалинин ысымы Мукур айылынын Жаңы-Жер участкасындагы Кулманбетов Назаралынын үйүнөн тартып, Дөөгараев Жумагулдун үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө ыйгарылсын.
2. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №160 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу маселесин кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 23.11.2017-жылдагы №1-11/3666 сандагы катынын негизинде 2020-жылдан тартып аткарууга алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом w.w.w avletim. Aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.О) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|