Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры № 18/4
Туз айылынын тургундарынын 2018-жылдын 1-декабрындагы № 1 Протоколу жөнүндө
Туз айыл башчысы С.Кыйсаевдин, Туз айылынын ортосунда орун алган түндүктөн түштүккө кеткен көчөнүн он беш түтүн жашоочуларынын көчөгө Шерипов Сабырдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү жалпы чогулушунун 2018-жылдын 1-декабрындагы №1 протоколу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айылынын ортосунан орун алган түндүктөн түштүккө кеткен көчөнүн тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, көчөгө Шерипов Сабырдын ысымы ыйгарылып, “Шерипов Сабыр” атындагы көчө деп аталууга макулдук беребиз.
2. Шерипов Сабырдын урпактары көчөнүн (ирээттүүлүгүн, тазалыгын, жолун тегиздөө, түнкү жарыкты иштетүү, жашылдандыруу-көрктөндүрүү ж.б.) колго алуу жагы милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Абдраимов |