Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры № 18/5
Айыл аймагына туберкулез оорусу боюнча оорукана куруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагына Жумгал-Кочкор райондор аралык аймактык туберкулез оорусу боюнча оорукана куруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Туберкулез оорусу жугушту болгондуктан айыл тургундарына кооптонуу коркунучун жараткандыктан, айыл өкмөтүнүн аймагына туберкулез оорусу боюнча оорукана куруу зарылчылыгы жок жана максатсыз экендиги белгиленсин.
Төрага | Д. Абдраимов |