Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры № 18/6
“Чоң-Туз”шахтасын иштетүүдө айыл өкмөтүнө аренда акысын толук төлөбөй жаткандыгы жөнүндө
“Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси А.К.Байтереков менен Чолпон айыл өкмөтүнүн ортосунда 2017-жылдын 26-декабрындагы №39 келишимде көрсөтүлгөн аренда акысы толук төлөнбөй жаткандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коом ”Чон-Туз”шахтасын иштетүү үчүн аренда акысын 2018-жылга толук белгилүү бир мөнөттүн ичинде төлөп бербесе, башка жолдору менен кайтаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Д.Абдраимовго тапшырылсын.
Төрага | Д. Абдраимов |