КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIX- сессиясы
2019-жылдын 25-июну № 39/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерди көрсөткөн сунуштарын карап жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына төмөндөгү атуулдар талапкер болуп көрсөтүлсүн:
1. Жунушалиев Талайбек Эсенович
2. Садыков Болот Анварбекович
3. Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович
2. Көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | К. Жумабеков |