Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 19/3
Оро-Башыайылындагы “Оро-Башы” орто мектебине Качибеков Абдулланын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Оро-Башы айылындагы “Оро-Башы” орто мектебине КачибековАбдулланын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын жалпы чогулушунун2018-жылдын 20-декабрындагы №1 протоколу жана “Оро-Башы”орто мектебинин эмгек жамаатынын 2018-жылдын 19-декабрындагы кезексиз чогулушунун №1 протоколу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Оро-Башы»айылынын тургундарынын жана мектеп жамаатынын суроо-талаптары канааттандырылып, «Оро-Башы»орто мектебине КачибековАбдулланын ысымы ыйгарылып, “Качибеков Абдулла” атындагы орто мектеп деп аталууга макулдук беребиз.
Төрага | Д. Абдраимов |