Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 19/5
Кайра бөлүштүрүү жерлерин жарандарга конкурстук аукцион жана түз берүү жолдору менен ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жарандарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы №1997-III Токтому менен бекитилген “Айыл чарбасынын кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү” Типтүү Жобосунун III пунктунун 21 бөлүмүнүн талабына ылайык айыл чарбасынын кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча курамына өзгөртүү киргизүү боюнча Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандарга айыл чарбасынын кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага конкурстук , аукцион жана түз берүү жолдору менен ижарага берүү боюнча сунушталган комиссия курамы айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Абдраимов |