Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 19/6
Балдар аянтчасын курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ара-Көл айылынын 1999-2000-жылы бүтүргөн бүтүрүчүлөрүнүн демилгеси менен айылды өнүктүрүү максатында балдар ойноо үчүн аянтча курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө суранышкан өтүнүч катын № 4153” Ара-Көл” шайлоо округунан депутат Токтомушов Тунуктун билдүүрүсүн угуп жана талкуулап , Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл айылынын 1999-2000-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрүнүн көтөрүп жаткан демилгеси учур талабы экендигин эске алуу менен колдоого алынсын.
2. Ара-Көл айылынын күн чыгыш тарабынан балдар ойноо үчүн аянтча курууга 6 (алты) сотых жер аянтын бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянтына буйрук чыгарып, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | Д. Абдраимов |