Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 20/3
Эпкин айылындагы Ак-Чий калктуу конушундагы ФАП капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча өздүк салым үчүн каражатты бөлүп берүү жөнүндө
АРИСайылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы Эпкин айылындагы Ак-Чий калктуу конушундагы ФАП капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча даярдалган чакан долбоор үчүн өздүк салымга каражат бөлдүрүү максатында айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик сатып алуу жана инвестиция боюнча адиси” Б.Байдавлетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эпкин айылындагы Ак-Чий калктуу конушундагы ФАП капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 500 000 сомдук чакан долбоорду ишке ашырыш үчүн өздүк салымыга
33 750 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтү долбоордук сунушту облустук конкурстук комиссияга өз убагында берүүнү камсыздасын.
3. Өздүк салымдын бюджети бекитилсин жана конкурстан өткөндөн кийин сунушта көрсөтүлгөндөрдү техникалык жактан тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн чыгымдар каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Абдраимов |