Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 20/4
Ара-Көл ,Эпкин каналын (Гешка) капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча ири долбоорго өздүк салым үчүн каражатты бөлүп берүү жөнүндө
АРИС Үчүнчү Айылды инвестициялоо долбоорунун алкагындагы ири долбоор Ара-Көл Эпкин каналын (Гешка) капиталдык ремонттон өткөрүү максатында өздүк салымга каражат бөлдүрүү үчүн айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик сатып алуу жана инвестиция боюнча адиси” Б.Байдавлетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛЫТ:
1. Ара-Көл,Эпкин каналын (Гешка) капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча ири долбоордун жалпы суммасы 20 400 000 сомдун өздүк салымына 765 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтү долбоордук сунушту облустук конкурстук комиссияга өз убагында берүүнү камсыздасын.
3. Өздүк салымдын бюджети бекитилсин жана конкурстан өткөндөн кийин сунушта көрсөтүлгөндөрдү техникалык жактан тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн чыгымдар каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Абдраимов |