Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 20/5
Чолпон айыл өкмөтүн балансасына автоунааны кабыл алуу жөнүндө
Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиянын № 18/6 Токтомунун негизинде Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун 2018-жылда түзүлгөн келишимдин негизинде 300 000 (үч жүз )миң сом акча каражатын накталай төлөгөн, ал эми калган 200 000 (эки жүз) миң сом акча каражатына “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси А.Байтерековдун өздүк АУДИ С-4 авто унаасы кабыл алынсын.
2. Авто унаанын наркын көз карандысыз эсперттен аныктоо жагы айыл өмөтүнүн башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
3. Авто унаанын тиешелүү документтеринин негизинде айыл өкмөтүнүн негизги каражатка кабыл алуу каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Абдраимов |