Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 20/6
Чолпон айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү боюнча Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдыкКенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрым малекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомдун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнундө типтүү келишимин бекитип берүү боюнча Кочкор райондук статистика бөлүмү менен Чолпон айыл аймагынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Мамлекет тарабынан ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113 беренесинин 2 пунктуна ылайык, зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каражаттары менен кошо өткөрүп берсин.
3. Эки тараптуу келишимди мыйзамдын талаптарына шайкеш келишин айыл өкмөтүнүн башчысынан жана райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, каржы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Д. Абдраимов |