Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 20/7
Осоавияхим айылына кичи футбол аянтчасын курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Осоавияхим айылдык ден-соолук комитетинин демилгеси менен спорттук футбол боюнча түрүн жандандыруу жана жаштар арасында ден-соолукту чыңдөө максатында кичи футбол аянтчасын курууга жер аянтын бөлүп берүүжөнүндө Осоавияхим айылынын айыл башчысы Шаршенов Солтонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осоавияхим айылдык ден-соолук комитетинин көтөрүп жаткан демилгеси жаштардын бош убактыларын туура пайдалануу жана ден-соолуктарын чыңдоо экендигин эске алуу менен колдоого алынсын.
2. Осоавияхим айылынын Сатай уулу Камчыбек көчөсүнүн күн чыгыш тарабынан кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Карбозовго сунушталсын.
Төрага | Д. Абдраимов |