Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №21/2
Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимине макулдук берилсин.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгы менен Чолпон айыл өкмөтүнүн ортосунда айрым бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишими айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Абдраимов |