Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 21/3
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2019-жылга карата аткара турган иш пландары жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жыл” ичинде калктын социалдык-экономикалык өсүүсүндө аткарылган иштер боюнча отчетун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде калктын социалдык –экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери айрым кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткарыла турган иш-планы бекитилсин.
Төрага | Д. Абдраимов |