Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 21/6
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн аппараттын атайын каражаттарынын 2018-жыл ичинде пайдаланылбай калганы жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевдин билдирүүсүн, депутаттар Токтомушев Тунуктун жана Чолпонкул уулу Нурадилдин сунуштарын угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 31 статьяларына ылайык Депутаттардын Чолпон айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн2018-жыл ичинде атайын каражатында пайдаланылбай калган 43 966 сом, бала бакчада 41 595 сом каражатын 2019-жылы төмөндөгү тартипте жумшалсын:
Аппарат бөлүмү (миң сом)
Бөлүм | Берене | Аталышы | Сумма |
70111 | 2215 | Туз айылына көчө жарыгына тех.шарт алууга | 10.0 |
70111 | 2215 | Осоавияхим айылына көчө жарыгына тех.шарт алууга | 6.5 |
70111 | 2215 | Чолпон айылына көчө жарыгына тех.шарт алууга | 6.5 |
70111 | 2215 | Автоунаага документ алуу | 5.0 |
70111 | 2215 | Ген. Штабдын “Коопсуздук-2019” (учение) | 15.9 |
Баары: | 43.9 | ||
Бала бакча (миң сом)
Бөлүм | Берене | Аталышы | Сумма |
70821 | 2222 | Бала бакчага шейшеп алууга | 41.6 |
Баары: | 41.6 | ||
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу өкмөт башчысы А. Карбозовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Абдраимов |