Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 21/7
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата бюджетин кабыл алуу жана иш планын, ички тартип эрежесин бекитүү жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Өмурбеков Урматтын билдируусун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 1 205 000-00сом, чыгаша бөлүгү 1 205 000-00сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата иштелип чыккан иш планы жана ички тартип эрежеси бекитилсин.
3. 2018-2022-жылдарга кабыл алынган орто мөөнөтүү “Жайыттарды башкаруу жана пландоо” иштери Чолпон айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин 18.01.2018-жылдагы № 2/1 Токтому күчүндө калтырылсын.
4. ПРЖР-1 долбоору менен курулган Ветеринардык клиниканын иштөө тартиби жөнүндө Жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан Жобо бекитилсин.
5. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата “Жайыттарды башкаруу жана пландоо” иштерине кирген бардык иш-чаралар, ички тартип эрежелерин бузган учурларда Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодекстин негизинде чара көрүлсүн.
Төрага | Д. Абдраимов |