Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 21/8
Сугат айдоо жерлерин калктуу конуштардын жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) райондук жер комиссиясына сунуштоо жөнүндө
Чолпон айылдык Кеңешинин XIV-сессиясынын Чолпон айылдык округунун айыл чарба багытындагы жер аянттарынан (КБФ сугат жерлерин) калктуу конуш басып калган жана калктуу конуштун чегин кеңейтүү максатында жерлердин бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө 2008-жылдын 15-апрель № 61 токтомунун негизинде Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2008-жылдын 15-апрелиндеги XIVсессиясынын № 61 токтому эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы “Сугат айдоо жерлерин
жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трасформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганга чейин калктуу конуш жерлерин кеңейтүүгө сунуш кылынган.
№ | Учатканын аталышы | Контур № | Жердин түрү | Жалпы аянт контур боюнча (га) | Сунушталган аянт(га) | Жайгашкан жери |
1 | Эпкин | 733 | айдоо | 94,2 | 4,00 | Эпкин |
| баары |
|
|
| 4,0 |
|
КБФ жалпы 4,0га сугат айдоо жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ”Сугат айдоо жерлерин жер участокторун которунун (трансформациялоо) убактылуу тартибин” бекитүү тууралуу 2018-жылдагы 31-октябрь №512 токтомунун негизинде калктуу конушка которууга айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго Кочкор райондук жер комиссиясына сунуштоо жагы тапшырылсын.
Төрага | Д. Абдраимов |