Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 21/9
Эпкин , Ак-Чий айылдарынын ортосундагы жолдорго жол белгилерин орнотуу жөнүндө
Эпкин, Ак-Чий айылдарынын ортосундагы жолдорго жол белгилери орнотулбагандыгы жөнүндөгү маселе боюнча 4154 “Эпкин” шайлоо округунан депутат Ч.Женишбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эпкин айылы менен Ак-Чий айылдарынын ортосундагы жолдор мамлекеттик маанидеги жол болгондуктан тынымсыз өтүүчү автоунаалар балдарга, окуучуларга жана жалпы айыл тургундарына кооптуу абал жаратып жаткандыгы белгиленсин.
2. Жолдон өткөн автоунаалардын ылдамдыгын азайтуу максатында жолдорго жол белгилерин орнотуу үчүн, тиешелүү органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | Д. Абдраимов |