Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 3
Апрель Революциясынын баатыры Кыштообаев Эмилболоттун эстелик-бюстун орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесинин, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаарындагы Тянь-Шань эс алуу багынын ичиндеги Апрель Революциясында курман болгондордун эстелик тактасы орнотулган жерге Апрель Революциясынын баатыры Кыштообаев Эмилболоттун эстелик-бюстун орнотууга макулдук берүү боюнча «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарындагы Тянь-Шань эс алуу багынын ичиндеги Апрель Революциясында курман болгондордун эстелик тактасы орнотулган жерге, Апрель Революциясынын баатыры Кыштообаев Эмилболоттун эстелик-бюстун орнотууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |