НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIII СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 21-майы № 4
Нарын шаардык Кеңешинин ХХVI чакырылыштагы кезектеги ХVI сессиясынын №3/2 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 14, 18-беренелерине , Нарын шаарындагы А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин сунуш катына жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы 3 туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 29-август 2014-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин ХХVI чакырылыштагы кезектеги ХVI сессиясынын №3/2 токтомундагы «Нарын шаарындагы «Арстанбек Буйлаш уулу» атындагы орто мектебине деген сүйлөм, «Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби»- деген сөз менен толукталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |